2022-02-22


«Зирек» акыл-таймаш интеллектуалдык оюну болуп өттү


2022-жылдын 21-февраль күнү  түркология бөлүмү тарабынан эл аралык «Эне тил» күнүнө карата бөлүмдүн студенттери арасында «Зирек» акыл-таймаш интеллектуалдык оюну уюштурулду. Иш-чарага университетибиздин проректору, т.и.д., профессор Анварбек Мокеев, факультетибиздин деканы, профессор Ахмет Беше, окутуучулар жана студенттер катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчү командалар аныкталып, белектер тапшырылды.