2022-02-25


"The World of Language" аттуу эл аралык илимий онлайн семинар


2022-жылдын 24-февралында Кыргыз-Түрк Манас университети менен Cанкт-Петербург Чет Тилдер институтунун ортосундагы кызматташтык келишиминин негизинде уюштурулган “The world of language” аттуу эл аралык илимий онлайн семинары болуп өттү. Семинарда Санкт-Петербург шаарындагы Чет Тилдер институтунун доценти, ф.и.к. Мошина Елена Анатольевна, факультетибиздин батыш тилдери бөлүмүнүн ага окутуучусу, ф.и.к. Анаркан Бектурова жана окутуучу Гульнара Байгобылова өз баяндамаларын катышуучуларга сунуштады.