2022-02-28


"Алишeр Нaвoи жана Бабурдун тил илимине кошкон салымы" эл аралык онлайн семинары


2022-жылдын 23-февралында Алишeр Нaвoи атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинде «Алишeр Нaвoи жана Бабурдун тил илимине кошкон салымы» аттуу эл аралык илимий семинар өткөрүлдү. Аталган семинарга проф. Айсу Ата жана проф. Айнур Өз Өзжан, Мимар Синан университетинен проф. Танжу Сейхан Орал, Йылдыз техникалык университетинен проф. Зухал Өлмез жана факультетибиздин синхрондук котормо бөлүмүнүн ага окутуучусу Мухиттин Гүмүш  катышып, «Бабурнаменин адабий жанрдагы өзгөчөлүктөрү» аттуу макаласын тартуулады. Ошондой эле семинарга Алишeр Нaвoи атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин Колдонмо лингвистика кафедрасынын башчысы проф. Зулхумор Халманова, ага окутуучу Себахат Бозорова жана көптөгөн жаш академиктер катышты. Семинардын катышуучулары 15-16-кылымдардагы чагатай  тилине жана чыгыш түркчөсүнө  Алишeр Нaвoи жана Бабурдун кошкон зор салымдарынан мисалдарды келтиришти.