2022-03-07


Туу - мамлекеттүүлүктүн символу" аттуу панель уюштурулду


2022-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүнө карата Орто Азия тарых клубу тарабынан "Туу - мамлекеттүүлүктүн символу" аттуу жыйын уюштурулду. Аталган илимий жыйын тарых бөлүмүнүн башчысы, т.и.д., профессор Жээнбек Алымбаев жана PhD, доцент Женгиз Буяр агайлардын ачылыш сөздөрү менен башталып, студенттердин докладдары менен уланды. 3-курстун студенттери Темирлан Кенжебек уулу дүйнөлүк туулар тууралуу, Салих Гүллү түрк туусу, Лилия Талантбекова кыргыз туусу тууралуу докладдарды окушуп, ич-ара суроо-жооптор орун алды. Мекенибизде тынчтык болуп, туубуз ар дайым бийикте желбиресин!