2022-03-07


"Дүйнөлүк символдор" аттуу таймаш уюштурулду


 

2022-жылдын 3-март күнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун 30 жылдыгына карата Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин "Жаңырык" клубу тарабынан уюштурулган "Дүйнөлүк символдор" аттуу студенттер таймашы болуп өттү. Программанын башында Мамлекеттик туу жана анын авторлору тууралуу маалыматтар берилип, андан соӊ Тууну жана Мекенди даңазалаган ырлар окулду. Соӊунда дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы символдорго байланышкан суроолордун негизинде интеллектуалдык таймаш болуп өттү. Жалпысынан таймашка 41 студент катышып, сап башына чыккан 3 студентке белектер жана атайын сертификаттар тапшырылды.