2022-03-07


Социология бөлүмүнүн студентинин жеӊиши


2022-жылдын 3-мартында Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Общенациональное движение «Бобек» (БОБЕК улуттук кыймыл ассоциациясы) тарабынан “Жаштар жана илим: заманчыл  жаңы тренддер” аттуу IV эл аралык конференциясы өттү. Конференцияда факультебиздин социология бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Рустам Момунов «Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мыкты студенти» 2-даражадагы дипломуна татыктуу деп  медаль жана сертификат менен сыйланды. Кыргызстан жаштар конгресси, БУУнун туруктуу өнүгүү максаттары жана БОБЕКтин өкүлдөрү катышкан конференцияда Кыргызстандын бардык аймактарында өткөн жарышта алдыңкы орундарды ээлеген 50 студентке сыйлыктар тапшырылды.