2022-03-11


Социология бөлүмүнүн семинарлар сериясы


Университетибиздин проректору, факультетибиздин социология бөлүмүнүн профессору, (PhD) Мустафа Орчан тарабынан 2022-жылдын 9-мартында “Түрк мамлекеттери жана коомдору - эмоционалдык мамилелердин рационалдашуусу жана уюмдашуусу айдыңында” аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарда эгемендүүлүктүн 30-жылдыгын белгилеген Түрк мамлекеттери жана Түрк дүйнөсүнүн экономика, саясат, билим берүү, тил, дин, үй-бүлө, демографиялык түзүлүш, урбанизация сыяктуу социалдык көйгөйлөр талкууланды.