2022-03-22


Орхун алмашуу программасынын алкагында семинарлар уюштурулду


2022-жылдын 17-март күнү Орто Азия тарых клубу тарабынан "Казакстан XX-кылымдын биринчи жарымында: ачарчылык жана саясий куугунтуктар" аттуу темада семинар уюштурулду. Семинардын коногу Х.Досмухамедов атындагы Атырау университетинен келген т. и. к., доцент Кайыргалиева Гулфайруз эже болду. Вебинарда конок тарабынан өткөн кылымдын биринчи жарымындагы Казакстандагы совет бийлигинин жүргүзгөн катаал саясатынын жыйынтыгы болгон массалык ачарчылык жана саясий куугунтуктоолор боюнча соңку кездеги жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр жана алардын жыйынтыктары жөнүндө сөз болду.