2022-03-24


«Азыркы тил илиминин илимий-теориялык актуалдуу маселелери» эл аралык симпозиуму


2022-жылдын 16-мартында факультетибиздин синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучусу Мухиттин Гүмүш Өзбекстан Республикасынын билим берүү министрлиги жана Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университети тарабынан уюштурулган “Азыркы тил илиминин илимий-теориялык актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык симпозиумга «Түрк маданиятындагы жакшылык концептиси» аттуу баяндамасы менен катышты. Аталган симпозиумга Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Ооганстандан келген илимпоздордун арасынан проф. Хамидулла Дадабоев, проф. Зулхумор Халманова, проф. Тунсер Гүленсой сыяктуу тил илиминин белгилүү докторлору катышышты. Жалпысынан симпозиумда 93 илимий доклад окулуп, түрк дүйнөсүнүн тил адистери биргелешкен конкреттүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсү зарыл экендиги баса белгиленди.