2022-03-29


Социология бөлүмүнүн семинарлар сериясы


2022-жылдын 23-мартында факульетибиздин социология бөлүмүнүн башчысы, профессор (PhD) Жеват Өзюрт тарабынан “Дүйнөлүк коомдо социалдык стратификация жана коомдон ажыратуу” аттуу семинар уюштурулду. Семинарда ааламдашуу процессинде үй-бүлө, экономика, билим берүү, дин жана экономика сыяктуу негизги социалдык институттар талкууга алынды. Айрыкча, аталган факторлорго түз тиешеси бар илим, технология, информатика жана транспорт тармагындагы инновациялар, качкындар менен жумушчулардын мобилдүүлүгү, эмгек миграциясынын мобилдүүлүгү, капиталдын мобилдүүлүгү сыяктуу географиялык өзгөрүүлөргө олуттуу таасир этүүчү факторлор талданып, жыйынтыгында түзүмдүк өзгөрүүлөргө дуушар болгон жана жаңы формага ээ болгон өзгөчөлүктөргө басым жасалды.