2022-04-25


23-Апрель Улуттук Эгемендик жана балдар майрамына арналган программа


2022-жылдын 22-апрелинде Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 102 жылдыгына жана Мустафа Кемал Ататүрк негиздеген  23-апрель Улуттук Эгемендик жана балдар майрамына карата гуманитардык жана көркөм өнөр факультеттери тарабынан программа уюштурулду. Программа факультетибиздин деканы, проф. Ахмет Беше, университетибиздин биринчи проректору, т.и.д., проф. Асылбек Кулмырзаев жана университетибиздин ректору, проф. Алпаслан Жейлан агайларыбыздын ачылыш сөздөрүнөн соӊ студенттер даярдаган ыр-бий жана көркөм өнөр факультетинин концерти менен коштолду.