2022-04-28


«Кыргыз поэзиясы котормодо» аттуу поэзия кечеси


2022-жылдын 25–апрелинде гуманитардык факультетинин батыш тилдери бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери тарабынан даярдалган акын-жазуучу, драматург, киносценарист Жыпара Исабаеванын чыгармачылыгына арналган “Кыргыз поэзиясы котормодо” (“Kyrgyz Poetry in Translation”) аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Кыргыз акын аялдарынын чыгармачылыгына арналган поэзия кечесинде акындын ырлары кыргыз, түрк,  орус, англис, өзбек, казак, түркмөн, азербайжан тилдеринде көркөм окулуп, обондуу ырлары англис тилинде жандуу үн менен аткарылды.