2022-04-28


"Лидер окутуучу болуу" семинары уюштурулду


2022-жылдын 27-апрель күнү педагогика бөлүмүндө салтка айланып калган ‘Кесиптик жана инсандык өнүгүү семинарлары’ сериясын улай, проф., докт. Күршад Йылмаз агайыбыз тарабынан "Лидер окутуучу болуу" аттуу семинар уюштурулду. Семинарга мугалим эжей-агайлар, бөлүмдүн бакалавриат, магистратура, докторантура программаларынын студенттери катышты. Агайыбыз мугалимдик кесипти ар кыл тараптан сындап, талдап, сыпаттап, лидер мугалим болуунун сырлары менен бөлүштү. Иш-чаранын соңунда, келечектеги мугалимдик кесиптин ээлерине кеп-кеңештер берилип, семинар жыйынтыкталды.