2022-04-29


“Жылдын мыкты котормочусу – 2022” кароо-сынагынын жыйынтыгы жарыяланды


2022-жылдын 28-апрелинде факультетибиздин синхрондук котормо бөлүмү, КР Президентине караштуу Мамлекеттик Тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулуп, студенттер арасында ѳткѳрүлгѳн «Жылдын мыкты котормочусу – 2022» кароо-сынагынын жыйынтыгын чыгаруу жана сыйлыктарды тапшыруу аземи болду. Жеңүүчүлѳрдүн сыйлыктарын КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Кутмырза Жакыбалиев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов, КР улуттук жазуучулар союзунун Котормо секторунун башчысы Алтынай Токтоматова жана факультетибиздин деканы, проф. Ахмет Беше тапшырды. 

Кароо-сынактын натыйжасында белгилүү окумуштуу жана жазуучу Бейшебай Усубалиевдин “Зоока” аңгемеси түрк жана англис тилине которулса, Линдита Ханари Латифинин “Ninemin Gözleri” аттуу аңгемеси кыргыз тилине которулду.