2022-04-29


«Азыркы Кыргызстандагы философиянын ал-абалы» аттуу семинар уюштурулду


2022-жылдын 28-апрель күнү факультетибиздин философия бөлүмү тарабынан «Азыркы Кыргызстандагы философиянын ал-абалы» аттуу семинар уюштурулду. Семинарда Кыргызстан Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти ф.и.д., проф Осмон Тогусаков “Кыргызстандагы философиянын абалы” деген темада баяндама жасады. Семинар философия кафедрасынын башчысы ф.и.д., проф. Жамгырбек Бөкөшовдун ачылыш сөзү менен башталды. Жыйынга факультетибиздин деканы проф. Ахмет Беше, Кыргызстандагы мамлекеттик университеттердин философия кафедраларынын башчылары, окумуштуулар жана студенттер катышты. Профессор Ахмет Беше агайыбыз ачылыш сөзүндө университетибиздин миссиясынын алкагында илимий маселелерге өзгөчө көӊүл бурулгандыгын, бул жаатта көптөгөн илимий-коомдук иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи. Ошндой эле окумуштуулар менен студенттердин башын бириктирген пайдалуу жыйындарга университетибиздин эшиги ар дайым ачык экендигин баса белгилеп өттү. Семинарда Кыргызстандагы философиянын жалпы абалы жана келечеги, бул жааттагы көйгөйлөр жана келечектеги долбоорлор сыяктуу маселелер талкууланды.