2022-04-29


Социология бөлүмүнүн семинарлар сериясы


2022-жылдын 27 апрелинде гуманитардык факультетинин социология бөлүмүнүн семинарлар сериясында соц. и. к. Самарбек Сыргабаев тарабынан даярдалган “Студенттердин кесиптик иденттүүлүгүн өнүктүрүү маселелери” деген аталыштагы семинар болуп өттү. Аталган семинарда социология студенттеринин кесиптик иденттүүлүгүндөгү айрым жагдайларга токтолуп, социологиялык маданият, кесипти таанип билүү жана маалыматта болуу коомчулукта жетишсиздик болуп жатканы айтылды.