2022-05-13


Республикалык социология студенттеринин симпозиуму болуп өттү


2022-жылдын 11-май күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университети, К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик университети жана Ж. Баласагын атындагы Улуттук университетинин социология бөлүмдөрү тарабынан уюштурулган Республикалык социология студенттеринин симпозиуму болуп өттү. Бул симпозиумга аталган үч окуу жайдын магистратура жана бакалавриат программаларынын студенттери илимий баяндамаларды даярдап, Кыргызстандагы актуалдуу социологиялык маселелерди теориялык жана эмпирикалык изилдөөлөр коштоосунда кызыктуу көргөзүп бере алышты.