2022-05-20


«Алишер Навоинин Анатолия акындарына тийгизген таасири» аттуу семинар уюштурулду


Факультетибиздин илимий иш-чараларынын алкагында 2022-жылдын 12-май күнү «Алишер Навоинин Анатолия акындарына тийгизген таасири» аттуу семинар болуп өттү. Түркология бөлүмүнүн профессору Озан Йылмаздын баяндамасы менен өткөрүлгөн семинарда Түрк адабиятынын улуу ысымы Алишер Навоинин (өл. 1501) Анатолиядагы диван акындарына тийгизген күчтүү таасири 15-кылымдан берки мисалдар менен көрсөтүлдү. Адабий көркөм тексттердеги көрүнүш аркылуу кеңири географияга жайылган түрк дүйнөсүнүн орток сезими, ой жүгүртүүсү жана фантазиясына кайрылып, тарыхый, саясий жана географиялык шарттарга карабастан, улуу түрк улутунун ортосундагы бекем байланыштын үзүлбөй турганы дагы бир жолу баса белгиленди.