2022-05-20


Түгөлбай Сыдыкбековдун 110-жылдыгына карата семинар уюштурулду


2022-жылдын 18-май күнү гуманитардык факультеттин түркология бөлүмү жана студенттери тарабынан белгилүү Кыргыз эл жазуучусу, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110-жылдыгына карата семинар өткөрүлдү. Семинарда жазуучунун адабий ишмердүүлүгү, өмүр жолу жөнүндө маалыматтар берилди. Семинарга ага окутуучу Абды Сатаров дагы катышып, жазуучу жөнүндө кызыктуу маек куруп берди.