2022-05-23


“Социология студенттеринин эл аралык көч панели” аттуу илимий семинар


2022-жылдын 18-майында Кыргыз-Түрк “Манас”, Анкара Йылдырым Бейазыт, Конья Нежметтин Эрбакан жана Сакарья университеттеринин социология бөлүмдөрү менен биргеликте “Социология студенттеринин эл аралык көч панели” деген аталыштагы илимий семинар уюштурулду. Бул семинарга аталган төрт окуу жайдын бакалавриат, магистратура жана аспирантура студенттери илимий баяндамаларды даярдап, Кыргызстанда жана Түркияда болуп жаткан миграциялык маселелерди социологиялык, теориялык жана эмпирикалык жактан изилдеп, кызыктуу сунумдарды тартуулашты.