2022-05-25


«Үмүт-Надежда» реабилитациялык борбору Манаста


2022-жылдын 22-майында социология бѳлүмүнүн жалпы жамааты жана бѳлүмдүн студенттери тарабынан университетибиздин кафетериясында Бишкек шаарындагы «Үмүт-Надежда» реабилитациялык борборунун мүмкүнчүлүгү чектелген 17 баласына, 6 тарбиячыга  эрте мененки тамак берилди. Тамактануу учурунда студенттер ырдап, бийлеп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга шаңдуу маанай тартуулап, белек беришти. Тамактан кийин аларды университетибиздин жабык спорт комплексинде  алып барышып, ал жактан топ ойноп, ѳнѳрлѳрүн кѳрсѳтүштү. Акырында тарбиячылар жагымдуу маанай тартуулаган окутуучуларга жана студенттерге ыраазычылыктарын билдиришти.