2022-05-27


Синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттери менен жолугушуу


2022-жылдын 26-майында факультетибиздин деканы, профессор Ахмет Беше синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттери менен жыл жыйынтыгын талкулоо үчүн жолугушуу уюштурду. Декан орун басарлары, синхрондук котормо бөлүмүнүн башчысы профессор Экрем Арыкоглу жана бөлүмдүн окутуучулары студенттердин каалоо-тилектерин угушту. Декан агайыбыз ачылыш сөзүндө университетибиздеги гуманитардык факультеттин ролун, анын ичинде синхрондук котормо бөлүмүнүн ордун жана жалпы түрк дүйнөсүнө кызмат кылуу миссиясынын зор маанисин белгилеп өттү. Соӊунда Экрем Арыкоглу агайыбыз бөлүм окутуучулары менен бирге жогорку деӊгээлдеги адистерди даярдоону уланта турганын айтып, студенттерге ийгилик каалады.