2022-05-27


Даярдоо курсунун студенттери менен жолугушуу уюштурулду


2022-жылдын 27-майында факультетибиздин деканы, профессор Ахмет Беше, декан орун басарлары, бөлүм башчысы, профессор Экрем Арыкоглу, синхрондук котормо жана батыш тилдери бөлүмдөрүнүн окутуучулары даярдоо курсунун студенттери менен жолугушту. Декан орун басары Жылдыз Чыманова, профессор Экрем Арыкоглу жана синхрондук котормо бөлүмүнүн ага окут. Мухиттин Гүмүш, доц. Аида Касиева менен Мукадас Сабирова студенттерге бөлүм жөнүндө кеӊири маалымат берип, суроолорго жооп беришти. Андан тышкары, кыргызча-түркчө программасынын 3-курсунун студенти Айданек Замирбек кызы жана кыргызча-англисче программасынын 4-курсунун студенттери Сезим жана Назик бөлүм тууралуу маалыматтар менен бөлүшүштү. Жолугушуудан кийин студенттер синхрондук котормо бөлүмүнүн лабораториясы менен таанышышты.