2022-05-31


Жаш тарыхчылардын биринчи I Эл аралык симпозиуму ийгиликтүү өттү


Университетибиздин ректорлугу жана гуманитардык факультетинин деканатынын колдоосу менен тарых бөлүмү тарабынан 2022-жылдын 24-25-май күндөрү “Түрк элдеринин тарыхынын булактары” темасындагы жаш тарыхчылардын I эл аралык симпозиуму өткөрүлдү. Гибрид форматта өткөрүлгөн симпозиумга Кыргызстан, Түркия, Казахстан, Өзбекистан, Тажикистан жана Россиядан жаш изилдөөчүлөр (магистратура, докторантура, аспирантура студенттери) катышты. Симпозиумга жалпысынан 60 доклад жиберилип, ичинен 43 доклад кабыл алынып, түрк элдеринин тарыхы, археологиясы жана этнографиясы боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыктары сунулду. Симпозиумда окулган докладдардын жыйнагын басып чыгаруу жана симпозиумдун кийинкисин уюштуруу тууралуу чечим программанын соӊунда кабыл алынды.