2022-06-03


Педагогика бөлүмүнүн студенттери менен жолугушуу


2022-жылдын 30-май күнү педагогика бөлүмүнүн окутуучулар курамы менен бөлүм студенттеринин жыйналышы ѳткѳрүлдү. Чогулуш студенттердин көйгөйлөрү, академиялык ийгиликтерине терс таасирин тийгизген факторлорду аныктоо, бөлүмдүн иш алып баруусун баалоо жана кемчиликтерин тактоо, студенттердин бөлүмдөн күтүүлөрүн аныктоо, билим берүү сапатын дагы жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү туурасында көз-караш, ой-пикирлерин талкуулоо максатында уюштурулду. Ошондой эле чогулушта бөлүм окутуучулары студенттердин суроолоруна жооп беришти жана айтылган сунуш жана көйгөйлөр боюнча иштер жүргүзүлө тургандыгын билдиришти. Келечек ээлери болгон студенттерге кеп-кеңештер берилип, бөлүмдүн окутуучулар курамы ар дайым көмөк көрсөтүүгө, колдоого даяр экендигин белгилешти.