2022-06-14


Чыгыш тилдери бөлүмүнүн башчысы, профессор Осмонакун Ибраимов медаль менен сыйланды


Чыгыш тилдери бөлүмүнүн башчысы, профессор Осмонакун Ибраимов Түрк тил уюмунун төрагасы Гүрер Гүлсевиндин чакыруусу менен 2022-жылдын 2-5-июнь күндөрү Анкара шаарында уюштурулган «Маданият жолу фестивалы»; «Тил жана адабият жөнүндө ойлор” аттуу программага конок катары катышты. Осмонакун Ибраимов агайга Чынгыз Айтматов жөнүндө жараткан эмгектери үчүн ТҮРКСОЙ уюмунун «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы ыйгарылып, аны ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев тапшырды.