2021-09-24


“Кыргыз тилинин корпусу” аттуу семинар


2021-жылдын 23-сентябрда гуманитардык факультетинде мамлекеттик тил күнүнө карата "Кыргыз тилинин корпусу" аттуу семинар өттү. Семинар Синхрондук котормо бөлүмүнүн ага окутуучусу PhD. Аида Касиева тарабынан уюштурулуп, MA Медина Кадырбекова, магистранттар Айзат Кадырбекова, Айжан Сатыбекова, Сейде Мусажанова, бакалавр программасынын 3-курсунун студенти Назика Капарова жана 2-курстун студенти Айдай Абитова тарабынан корпустук базалардын котормодо колдонулуусу, кыргыз тилин санариптештирүү жана аны компьютердик системалар үчүн иштеп чыгуу, табигый тил иштетүү процесстери тууралуу баяндамалар жасалды.