2022-06-20


Батыш тилдери бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д., профессор Чолпон Найманованын сыйлыгы


2022-жылдын 16-июнь күнү факультетибиздин батыш тилдери бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д., профессор Чолпон Найманова «EdNet» билим берүү чөйрөсүндөгү  сапаттын кепилдиги боюнча агенствосу жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган ПРЕМИЯ КАЧЕСТВА «ПУТЬ К СОВЕРШЕНСТВУ» аттуу конференцияга катышып келди. Аталган конференциянын негизги максаты жогорку билим берүү системасын жакшыртуу жана билим берүү системасында сапат концепциясын жайылтуу болуп саналат. Конференцияда Чолпон Найманова эжебизге “EdNet агенствосунун эксперти” номинациясында сертификат тапшырылды. Чолпон эжебизди алган сыйлыгы менен куттуктайбыз жана мындан ары ийгиликтеринин улана беришин каалайбыз.