2022-06-20


Профессор Замира Дербишева Москва университетинде лекция окуду


Факультетибиздин чыгыш тилдери бөлүмүнүн профессору, ф.и.д. Замира Дербишева  Морис Торез атындагы Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин «Кыргыз тили чет тили катары» бакалавриат программасынын студенттерине лекция окууга аталган университеттин  ректорлугу тарабынанан чакырылган. Профессор Замира Дербишеванын «Дүйнөнүн картинасы кыргыз жана орус тилдеринде» деген темада лекциялары студенттердин, аспиранттардын жана университеттин окутуучуларынын кызыгуусун арттырды.  Россиялык угуучулар орус жана кыргыз тилдеринин лексикасында жана грамматикасында камтылган кыргыздардын жана орус элинин  маданий-улуттук  баалуулуктары,  менталдык стереотиптери менен таанышышты.