2021-10-01


Котормочулар күнү белгиленди


2021-жылы 30-сентябрында факультетибиздин синхрондук котормо бɵлүмүнүн кыргызча-англисче программасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30-жылдык мааракесине жана эл аралык Котормочулар күнүнɵ арналган «Турусбек Мадылбай жана адабий чыгармаларды кыргыз тилине которуу» аттуу панель уюштурулду. Панелде чет тилинен кыргызчага которууга арналган сунумдар уюштурулуп, котормочу Турусбек Мадылбай менен жолугушуу өттү.