2021-10-14


КТМУ тарыхчылары жана археологтору “Алтын адам” менен жакындан таанышып келишти


13-октябрьда КТМУ ректору Проф., Др. Алпаслан Жейлан, баш катчы Доц., Др. Октай Өзгүл, тарых бөлүмү мугалимдери жана студенттери Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейиндеги археологиялык көргөзмөнү көрүп келишти. Казахстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы маданият күндөрүнүн алкагында уюштурулган бул көргөзмө – Казахстанда табылган археологиялык экспонаттарды камтыйт. Чоподон, колодон жана алтындан жасалган идиштер, курал-жарактар, кооздуктар жана зер жасалгалары азыркы учурдан 3500–1500 жыл мурда жашаган Андронов, Сак жана Усун маданияттарына таандык болуп саналат. Алардын арасында Казахстандын “визит картасына” айланган “Алтын адам” да бар. Баш кийими, чапаны жана өтүгү ар кандай формадагы алтын пластиналары менен кооздолгон (ушундан улам “Алтын адам” атына конгон) жаш адамдын скелети Алматы шаарынан 50 км чыгышта орун алган Есик (Иссык) көрүстөнүндө 1970-жылы Казак археологтору Кемаль Акишев жана Бекен Нурмуханбетов тарабындан табылган. “Алтын адамдын” кемери, кылычы жана канжары да алтын менен кооздолгон. Есик көрүстөнүндө жалпысынан 4000 алтын буюму жана чоподон, жыгачтан, металлдан жасалган 31 идиш табылган. Алардын арасында азыркыга чейин окула элек жазуу чийилген күмүш идиш да бар. Окумуштуулардын пикирлери боюнча Есик көрүстөнүндө көмүлгөн “Алтын адам” – б.з.ч. V-IV кылымдарда жашаган Сак-тиграхауддардын өкүлү болуп саналат.

Кыргызстанга алгачкы жолу алып келинген “Алтын адам” – Бишкекте 8-14 октябрь күндөрүндө Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде көргөзүлдү. Бул экспонат менен жакындан таанышуу максатында КТМУ ректорлугу тарабындан Тарых бөлүмү жана Археология, Социалдык Антропология магистрдик программасынын студенттерине жана мугалимдерине атайын экскурсия уюштурулду. Ректор Проф., Др. Алпаслан Жейлан Есик көрүстөнүндө табылган зер буюмдарынын жогорку чеберчилик менен жасалгандыгын белгилеп, мындай буюмдарды жасаган элди “таза" көчмөн катары мүнөздөө туура эмес экендигин айтты.