2021-11-10


Тарых бөлүмүнүн студенттери «Кыргызстандын 100 мыкты студентинин» катарына кошулду


Университетибиздин Гуманитардык факультетинин Тарых бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери Исламидин Нурдинов жана Акылай Жайчыбекова “Кыргызстандын 100 мыкты студентинин” катарына киришти. Кыргыз Республикасынын жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабындан уюштурулган конкурска Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери катышты. Илим, искусство, спорт жана башка багыттар боюнча ийгиликтүү жана жигердүү студенттерге “Кыргызстандын 100 мыкты студенти” наамы ыйгарылып, I, II, III даражадагы диплом жана медаль берилди. Бул сыйлыктарга ээ болгон студенттер “Таланттуу жаштардын энциклопедиясы. Кыргызстандын 100 мыкты студенти – 2021” жыйнагына киргизилди. Илим жана искусстводогу ийгиликтери жана коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн Нурдинов Исламидин 2-даражадагы жана Жайчыбекова Акылай 3 даражадагы диплом жана медаль менен сыйланды.

Аталган жыйнактын презентациясы жана куттуктоо аземи 2021-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында өттү.