2022-03-14


“ТҮРК ЭЛДЕРИНИН ТАРЫХЫНЫН БУЛАКТАРЫ” АТТУУ ЖАШ ТАРЫХЧЫЛАРДЫН I ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМУ


КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС УНИВЕРСИТЕТИ

ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТ

ТАРЫХ БӨЛҮМҮ

МААЛЫМАТ КАТ

 “ТҮРК ЭЛДЕРИНИН ТАРЫХЫНЫН БУЛАКТАРЫ”

АТТУУ ЖАШ ТАРЫХЧЫЛАРДЫН I ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМУ

Кыргыз-Түрк Манас университетинин Гуманитардык факультетинин Тарых бөлүмү 2022-жылдын 24-25-май күндөрү аралаш форматта (онлайн жана оффлайн) Бишкек шаарында “Түрк элдеринин тарыхынын булактары” аттуу жаш тарыхчылардын I эл аралык симпозиумун уюштурат.

Симпозиум жаш илимпоздордун ортосундагы илимий байланыштарды күчөтүүнү, өз ара пикир алмашууну, илимий тажрыйбага ээ болууну, жаңы булактык маалыматтар менен таанышууну, илимий изилдөө иштеринде заманбап методдорду колдонууга көмөк көрсөтүүнү жана тарыхый процесстерге анализ берүү тажрыйбасын арттырууну көздөйт.

Симпозиумга жаш тарыхчы изилдөөчүлөр: магистранттар, аспиранттар жана докторанттар катыша алышат.

Симпозиумдун багыттары:

Симпозиумда сунула турган докладдар түрк, кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат.  Аннотация жиберүүнүн акыркы мөөнөтү 17-апрель 2022-жыл. Макаланын толук текстин  жиберүүнүн акыркы мөөнөтү 30-май 2022 жыл. Кабыл алынган докладдар 2022-жылдын аягына чейин китеп түрүндө жарыяланат.

Макала жазууда коюлуучу талаптар:

Аннотация 150-200 сөздөн түзүлүүсү керек.

Автор/авторлор аты-жөнү тартип менен жазылат, аты-жөнүнүн аягына *(жылдызча)  белгиси менен шилтеме жасоо аркылуу, университет/институттун аталышы, байырлаган шаары (кыштагы), электрондук дареги жазылуусу тийиштүү.

Баяндаманын тексти Windows, Microsoft Word, Times New Roman 12 шрифт менен жазылуусу шарт.

Доклад текстинин жээктери: жогорку, астыңкы, сол жагы, оң жагы – 2,5 см, сап арасы 1,5 см болуусу шарт.

Макалалардын көлөмү 8-10 беттен ашпоосу керек.

Шилтеме ар бир беттин астында берилүүсү керек. (Тиркеме 1 караңыз) Колдонулган адабияттар алфавит тартибинде тексттин аягында жазылуусу шарт. Таблица, графика жана сүрөттөргө өзүнчө номер берилип, аны түшүндүрмөлөр коштоосу керек.

Симпозиумда ар бир баяндамачыга регламент боюнча 15 мүнөт берилет.

Өрнөк:

Тиркеме 1

Тексттин ичинде

 

Орус генералы М.А. Терентьевдин пикири боюнча “датка” – генералга тете жогорку чин [1].

Тексттин аягында

Колдонулган адабияттар

  1. А..
  2. Б..
  3. Терентьев М.А. История завоевания Средней Азии. Том III, СПб, 1906.

 

Ардактуу илимий кеңеш

Проф. др. Алпаслан Жейлан (Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору)

Проф. др. Ахмет Беше (Кыргыз-Түрк Манас университетинин гуманитардык факультетинин деканы)

Проф. др. Анварбек Мокеев (Кыргыз-Түрк Манас университети гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн профессору)

Академик Аблабек Асанканов (Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы)

Илимий кеңеш

Проф. др. Жээнбек Алымбаев (Кыргызстан)

Проф. др. Муратбек Кожобеков (Кыргызстан)

Проф. др. Кубатбек Табалдиев (Кыргызстан)

Проф. др. Юнус Эмре Гүрбүз (Кыргызстан)

Проф. др. Аныл Йылмаз (Кыргызстан)

Проф. др. Виктор Бутанаев (Россия)

Проф. др. Төлөбек Абдырахманов (Кыргызстан)

Проф. др. Назира Курбанова (Кыргызстан)

Проф. др. Туратбек Сырдыбаев (Кыргызстан)

Проф. др. Гулбану Жугенбаева (Казакстан)

Проф. др. Санобар Шадманова (Өзбекстан)

Проф. др. Абдуллах Гүндогду (Түркия)

Проф. др. Конул Рахимова Хажиева (Азербайжан)

Доц. др. Сабыркул Арстанов (Кыргызстан)

Доц. др. Күршад Йылдырым (Түркия)

Доц. др. Олег Андреевич Митко (Россия)

Доц.др. Феруза Джуманиязова (Өзбекстан)

Доц.др. Бустон Турсунов (Тажикстан)

Доц.др. Незахат Жейлан (Кыргызстан)

Доц.др. Октай Өзгүл (Кыргызстан)

Доц.др. Алпаслан Ашык (Кыргызстан)

Доц.др. Женгиз Буяр (Кыргызстан)

Доц. м.а. др. Роза Абдыкулова (Кыргызстан)

Доц. м.а. др. Кайрат Белек (Кыргызстан)

Доц. м.а. др. Зухра Алтымышова (Кыргызстан)

Уюштуруу тобу

Проф. др. Жээнбек Алымбаев

Проф. др. Муратбек Кожобеков

Проф. др. Кубатбек Табалдиев

Проф. др. Юнус Эмре Гүрбүз

Доц.др. Незахат Жейлан

Доц.др. Октай Өзгүл

Доц.др. Алпаслан Ашык

Доц.др. Женгиз Буяр

Доц. м.а. др. Роза Абдыкулова

Доц. м.а. др. Кайрат Белек

Доц. м.а. др. Зухра Алтымышова

Жооптуу катчы

Проф. др. Жээнбек Алымбаев

Катчылык

Акад. адис, др. Күнболот Акматов

Докторант Гүлназ Аскарбек

 

Докладдарды төмөндөгү электрондук дарекке жибериңиздер:

edeb.tarih@manas.edu.kg

 

Урматтоо менен, -уюштуруу тобу

https://manas.edu.kg/tr/humanities/history

 


[1] Терентьев М.А. История завоевания Средней Азии. Том III, СПб, 1906, 248 б.



Dosya 1