2022-04-01


“Орто Азия менен Анатолиядагы байыркы мамлекеттер жана маданияттар” студенттик конференциясы ийгиликтүү өттү


Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде университетибиздин гуманитардык факультетинин тарых бөлүмү тарабындан уюштурулган “Орто Азия менен Анатолиядагы байыркы мамлекеттер жана маданияттар” аталышындагы студенттик конференция ийгиликтүү өттү. Конференция “Кыргыз-Түрк Манас университетинин 2019-жылдагы археологиялык изилдөөлөрү” аталышындагы фильм менен ачылды. Тарых бөлүмү башчысы Проф. Др. Жээнбек Алымбаев, гуманитардык факультетинин деканы Проф. Др. Ахмет Беше жана Тарых бөлүмүнүн ардактуу окутуучусу Проф. Др Анварбек Мокеев өздөрүнүн ачылыш сөздөрүндө студенттердин конференцияга даярданып, катышып жаткандыгына кубангандыгын, алардын адис катары калыптанышында мындай иш-чаралардын маанилүү экендигин белгилеп, окууларына ийгилик каалашты. Конференцияда Тарых бөлүмүнүн 11 студенти төмөнкү изилдөө темалары боюнча доклад жасашты:

- Салих Гүллү, 2-курстун студенти, “Анадолуга жазуунун келиши”;

- Элнура Жакшылыкова, 4-курстун студенти, “Жетисуудагы сактардын “падыша” көрүстөндөрү”;

- Лилия Талантбекова, 1-курстун студенти, “Усун дооруна таандык чопо идиштер”;

- Майрамкан Шамаева, 3-курстун студенти, “Кушан искусствосу”;

- Айсулуу Жумабекова, 4-курстун студенти, “Көктүрк таш айкелдериндеги аял образы”;

- Алина Беккубат кызы, 2-курстун студенти, “Байыркы Анадолунун дини”;

- Жакшылык Ырысбек уулу, 2-курстун студенти, “Нарында табылган таш куралы”;

- Исламидин Нурдинов, 3-курстун студенти, “Скифтердин б.з.ч. I миң жылдыкта Жакынкы Чыгышка карай көчү”;

- Уулай Эргешали кызы, 4-курстун студенти, “Кыргызстан сактарынын искусствосу: айбанаттар стили”;

- Айдана Абдыкеримова, 1-курстун студенти, “Давань мамлекетинин саясий жана экономикалык тарыхы”;

- Бактыбек уулу Акмат, 1-курстун студенти, “Согдиана”.

Докладдардын соңунда залдагы көрүүчүлөрдөн суроолор суралып, айрым маселелер боюнча илимий дискуссия болду.

Конференция катышуучуларына сертификат жана чакан белек берилип, иш-чара концерттик программа менен аяктады.