2023-06-14


Мамлекеттик экзамен суроо тизмеси 2022-2023


Бакалавр мамлекеттик сынак суроолор тизмеси
 
1. XIX-XX кылымдын башындагы кыргыз маданиятынын өнүгүшү жөнүндө маалымат бериңиз.
2. XVI кылымды Осмон мамлекетинии тарыхый ордун аныктаңыз. 
3. Алгачкы улуттук парламенттин ачылышы жана анда кабыл алынган чечимдер жөнүндө кыскача маалымат бериңиз. 
4. Анкара согушу жана анын жыйынтыктары тууралуу маалымат бериңиз. 
5. Ататүрк мезгилиндеги Түркиянын көп партиялуулук системага өтүшү боюнча маалымат бериңиз. 
6. Ататүрк мезгилиндеги Түркиянын тышкы саясаты кандай болгон? 
7. Ататүрктүн коомдук жана укук тармагында киргизген реформалары кайсылар? 
8. Ататүрктүн принциптери кайсылар. Кыскача маалымат бериңиз. 
9. Батыш Түрк каганаты жана Түргөш каганаттарынын саясий-экономикалык абалы тууралуу маалымат бериңиз. 
10. Биринчи Дүйнөлүк Согуштан кийинки Антанта союзуна кирген мамлекеттер Осмон мамлекетине таандык кайсы жерлерди ээлеп алышкан. 
11. Енисей Кыргыз мамлекетинин түзүлүшү, экономикасы жана маданияты жөнүндө маалымат бериңиз (VI-VIII-кылымдар). 
12. Кануни Султан Сулайман мезгилиндеги Осмон мамлекетинин негизги өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат бериңиз. 
13. Карахандар мамлекети жана саясий-экономикалык түзүлүшү тууралуу маалымат бериңиз. 
14. Кокон хандыгынын түптөлүшү, административдик түзүлүшү жана социалдык-экономикалык абалы. 
15. Кыргыз Совет улуттук мамлекетинин негизделиши, өнүгүү этаптары (Тоолуу область, Кара-Кыргыз Автономдуу областы, Кыргыз Автономдуу Советтик Социалисттик Республикасы, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы). 
16. Кыргыз тарыхынын булактарынын классификацияланышы. 
17. Кыргыз элинин келип чыгышы жана калыптанышы тууралуу негизги илимий көз-караштар. 
18. Кыргыздардын XVIII-кылымдын ортосунан XIX-кылымдын биринчи жарымына чейин Чыгыш Түркстанда саясий окуяларга катышуулары тууралуу маалымат бериңиз. Кубат бий, Тайлак баатыр, Садык бек. 
19. Кыргыздардын XV-XVI-кылымдардагы Моголистандагы саясий окуяларга катышуулары жана Мухаммед Кыргыздын саясий ишмердиктери жөнүндө маалымат бериңиз. 
20. Кыргыз-жунгар согуштары. 
21. Кыргыз-казак мамилелери (XVIII-кылымдын экинчи жарымынан XIX-кылымдын биринчи жарымына чейин). Жайыл баатыр, Садыр хан, Ормон хан, ж. б. 
22. Кыргызстан кайра куруу мезгилинде (1985-1991). 
23. Кыргызстандагы 2005-жылы 24-марттагы «Түстүү революция» жана анын жыйынтыктары. 
24. Кыргызстандагы 1916-жылдагы көтөрүлүш жана анын мааниси. 
25. Кыргызстанда Совет бийлигинин орношу жана граждандык согуштун жүрүшү. 
26. Кыргызстандагы 2010-жылдын апрель-июнь окуяларынын себептери, жүрүшү жана жыйынтыктары. 
27. Кыргызстандагы байыркы доорлорго тиешелүү материалдык жана руханий маданият. Сел-Үңкүр, Капчыгай, Ак-Чуңкур, Саймалы-Таш. 
28. Кыргызстандын сактардын, усундардын, гундардын мезгилиндеги социалдык-экономикалык жана саясий турмушe тууралуу маалымат бериңиз. 
29. Кыргызстандын Экинчи Дүйнөлүк согуш жана андан кийинки мезгилдеги саясий-экономикалык жана маданий өнүгүшү (1939-1950-жж.). 
30. Лозан келишиминде чечилбеген маселелер жана кийинчерээк Түркия үчүн оң же терс таасирин тийгизген маселелер жөнүндө маалымат бериңиз. 
31. Лозан келишиминин натыйжаларын Мисак-ы Миллийе менен салыштырыныз. 
32. Лозан тынчтык келишиминин Түркия Республикасынын тарыхындагы орду. 
33. Мустафа Кемалдын 1919-жылы 19-майда Самсунга баруусунун мааниси эмне болгон? 
34. Осмон мамлекетинин II. Махмуд мезгилиндеги реформалардын негизги маанисин кыскача аныктап, аталган мамлекеттин жаңы системасын эскиси менен салыштырыңыз. 
35. Осмон мамлекетинин акыркы “Мебусандар мажлисинде” (парламент) кабыл алынган «Мисак-ы Милли» деген эмне? 
36. Осмон мамлекетинин жогорулашынын негизги себептерин санап бериңиз. 
37. Осмон мамлекетинин начарлоо мезгилдеринин башкы себептерин санап бериңиз. 
38. Осмон мамлекетинин түптөлүшү жөнүндө маалымат бериңиз. 
39. Кыргызстандын Россияга каратылышы. 
40. Севр келишими тууралуу кыскача маалымат бериңиз. 
41. Селжук мамлекетинин түптөлүшү, жогорулашы жана маданияты тууралуу кыскача маалымат бериңиз. 
42. Султан Селим III мезгилиндеги Низам-ы Жедид кыймылынын негизги максаты жана натыйжасы боюнча кыскача маалымат бериңиз. 
43. Тимуриддер менен Моголистан мамлекетинин саясий-экономикалык жана маданий байланыштары туурасында маалымат бериңиз. 
44. Түркия Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдар жана пакттар кайсылар. 
45. Түркия Республикасынын түптөлүшү жана анын мамлекеттик түзүлүшү тууралуу маалымат бериңиз. 
46. Түркиядагы улуттук күрөштү аныктаңыз. Мустафа Кемалдын жетекчилигинде кимдерге каршы согуш болгон. Маалымат бериңиз. 
47. Улуу Кыргыз каганатынын курулушу, саясий-экономикалык абалы, географиялык ареалы жана чачырашы. 
48. Улуу Түрк каганатынын негизделиши жана анын башкаруу системасы, экономикасы, маданияты. 
49. Фатих Султан Мехмед жана Осмон мамлекетинин борбордошуусун талдаңыз. 
50. Чынгыз хан империясы (XIII-XIV кк.) мезгилиндеги кыргыздар тууралуу маалымат бериңиз.
51. Кыргыз Республикасынын жарыяланышы жана андагы саясий, экономикалык реформалардын жүрүшү (1991-2005-жж.). 
52. Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда Түркиянын тышкы саясаты тууралуу маалымат бериңиз?
53. Караханиддердин маданияты тууралуу маалымат бериңиз (IX-X кк.)
54. Ассириянын соода-экономикалык колониялары тууралуу маалымат бериңиз.
55. Лидия менен Мидиянын саясий-экономикалык байланыштары тууралуу маалымат бериңиз.
56. Фракия жана Лидиядагы кол өнөрчүлүк санаты тууралуу маалымат бериңиз. 
57. Хеттердин тышкы саясаты тууралуу маалымат бериңиз. 
58. Иссе согушу тууралуу маалымат бериңиз. 
59. Кызылырмак согушу тууралуу маалымат бериңиз.
60. Ататүрктүн экономикалык реформалары тууралуу кыскача маалымат бериңиз. 
61. Кыргызстандагы байыркы түрк маданияты тууралуу маалымат бериңиз. 
62. Россия империясынын Түркстандагы админстративдик саясаты. 
63. Улуттук боштондук күрөшүнө чейин уюштурулган конгресстер тууралуу маалымат бериңиз.
64. Ататүрктүн билим берүү тармагында (алфавит, Түрк тарых куруму, Түрк тил куруму, университеттер ж.б.) рефоормалары. 
65. Талас согушу жана анын мааниси.