2023-10-28


Проф. др. Хасан Бахар тарых бөлүмүнүн студенттерине семинар өткөрдү.


2023-жылдын 5-октябрында проф. др. Хасан Бахар тарых бөлүмүнүн студенттерине семинар өткөрдү. Проф. др. Хасан Бахар университетибизде өткөрүлгөн “Түрк элдеринин тарыхы жана түрк элдеринин байыркы доордогу илимдери” аттуу эл аралык семинарга келген. Семинардын жүрүшүндө проф.др. Хасан Бахар Түрк каганатынын Монголиядагы археологиялык мурастары, каада-салттары, дини, Монголияда жүргүзүлүп жаткан археологиялык казуулар, жаңы табылган айкелдер жана буюмдар тууралуу айтып берди. Семинар студенттер арасында зор кызыгуу жаратты.