2023-10-28


Профессор доктор Орхан Доган тарабынан берилген семинар


2023-жылдын 11-октябрь күнү Кахраманмараш Сүтчү Имам университетинин ректорунун орун басары профессор доктор Орхан Доган тарых бөлүмүнүн студенттерине семинар өттү.  Ал Кыргызстанга, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өткөрүлгөн Түрк мамлекеттеринин уюму - Түрк университеттер биримдигинин I салттуу спорт оюндарына ректорубуз Алпаслан Жейлан тарабынан атайын чакырылган конок болуп келген. Семинардын жүрүшүндө профессор доктор Орхан Доган тарых бөлүмүнүн студенттерине өзүнүн илимий ишмердүүлүккө кантип жана кандай аракеттер менен жетишкендигин, кайсы окуу жайда билим алгандыгын жана ошондой эле кайда кызмат аткарганын айтып өттү. Семинардын аягында ал катышуучулар тарабынан берилген суроолорго  жооп берди.