2023-10-28


1-курстун студенттери үчүн “Кош келгиле” программасы уюштурулду.


2023-жылдын 20-октябрында тарых бөлүмүнүн студенттери ушул эле бөлүмдүн 1-курсунун студенттери үчүн салттуу “Кош келгиле” программасын уюштурушту. Программага тарых бөлүмүнүн бардык студенттери жана тил даярдоо бөлүмүнүн студенттери катышты. Гуманитардык факультеттин деканы Алпаслан Ашык, тарых бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Алымбаев жана бөлүмдүн окутуучулары сөз сүйлөп, жаңы студенттерди бөлүм менен тааныштырышты. Кафедранын студенттери ыр, бий тартуулап, интермедияларды көрсөтүштү. Программанын аягында Орто Азия тарых клубунун иш-чараларына активдүү катышкан студенттерге сертификаттар тапшырылды.