2023-11-22


Түркия Республикасынын 100 жылдыгынын урматына "Орто Азия" Тарых клубунун иш-чарасы.


2023-жылдын 20-ноябрында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Түркия Республикасынын 100 жылдыгынын урматына "Орто Азия" Тарых клубу тарабынан квест+интеллектуалдык оюну уюштурулду.  Таймашка "Манас" университетинин студенттеринен куралган 12 команда катышып, күч сынашты, Түркиянын жана Кыргызстандын тарыхы жөнүндө суроолор берилди. Ошентип, сынактын катышуучуларынын тарыхый билимдерин баалоо менен бирге тарыхка болгон кызыгууну арттыруу максаты да көздөлдү. Оюндун аягында жеңүүчүлөргө сыйлыктар жана белектер тапшырылды.