2023-12-01


Өзбекстандык тарыхчынын тарых бөлүмүнүн студенттери менен жолугушуусу өткөрүлдү


2023-жылдын 28-ноябрында Наманган инженердик-технология институтунун проектору т.и.д., профессор Маруфжон Каюмов КТМУ тарых бөлүмүнүн студенттери менен жолукту. Жолугушууда т.и.д., профессор Маруфжон Каюмов түрк элдеринин орток тарыхы, Өзбекстандагы кыргыздар жана өзүнүн илимий изилдөөлөрү тууралуу айтып берди. Ал өз сөзүндө Кыргыз-Түрк “Манас” университети Өзбекстандан келген делегацияга абдан жаккандыгын белгилеп, Наманган инженердик-технология институту жана КТМУ ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктар улана тургандыгын билдирди.