2024-04-03


Б.и.д., профессор Гүлбүбү Курманбекованын семинары


2024-жылдын 1-апрелинде КТМУ табигый илимдер факультетинин деканы,  б.и.д., профессор, Гүлбүбү Курманбекова тарых бөлүмүнүн окутуучуларына жана студенттерине “Табигый билимдер жана эпостор” темасында кызыктуу семинар өттү.    Б.и.д., профессор Гүлбүбү Курманбекова “Манас” эпосундагы кыргыздардын табигый илимге байланыштуу салттары, тери иштетүү, элдик дарылоо, тамак-аш маданияты тууралуу маалыматтарды берди. Ал эпостун баардык варианттары генетика, биология, нейробиология, математика, физиология, астрология ж.б. табигый илимдер жөнүндө маалыматтарды камтыгандыгын белгиледи.