2024-05-16


Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган көргөзмө


2024-жылдын 15-май күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган архивдик жана сүрөт документтеринин көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө КТМУнун коммуникация жана гуманитардык факультети тарабынан даярдалды. Көргөзмөдө 1924-жылдагы улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүүгө байланыштуу карталар жана архивдик документтер, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон ишмерлердин портреттери жана 1920-30-жж. Кыргызстандын жашоосун чагылдырган сүрөттөр жайгаштырылды.