2024-05-31


Тарых бөлүмүндө студенттер үчүн экскурсия


2024-жылдын 17-май күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн студенттери үчүн тарыхый маданий жерлерге экскурсия уюштурулду. Иш-чара 2023-2024-окуу жылынын социалдык долбоорлорунун алкагында ишке ашырылды. Доц.м.а.док. Роза Абдыкулованын жетекчилигинде жүзгө жакын студент Чолпон-Ата шаарындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизация борборуна, Ысык-Көл мамлекеттик аймактык тарыхый-маданий музей-коругуна, ачык асман алдындагы музейге жана “Рух Ордо” маданий борборуна барып келишти. Студенттер тарыхый жерлер менен жакындан таанышып, пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.