2024-09-30
2024-жылдын 27-сентябрь күнү TÜBA Университет конференциялар сериясынын алкагында Фатих Султан Мехмет Фонду университетинин окутуучусу, Түрк тарых коому илимий кеңешинин мүчөсү, профессор Азми Өзжан «Тарых жана идентүүлүк» аталышындагы семинар берди. Семинарга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, КТМУнун баш катчысы, профессор Октай Өзгүл, чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү профессор Режаи Доган, гуманитардык факультеттин деканы, профессор Алпаслан Ашык жана башка окутуучулар жана студенттер катышышты.
Таанымал окумуштуу профессор Азми Өзжан тарых жана иденттүүлүк терминдерине токтолуп, өз кезинде иденттүүлүктү тарых жаратаарын айтып, дүйнөлүк тарыхтан бир топ мисалдарды келтирди. Ал тарыхты чоң жамааттар эмес, жеке адамдар өзгөртө тургандыгын кошумчалады. Ал эми жаш кезинде эмгектенүүнүн канчалык маанилүү экенин баса белгиледи. Абдан кызыктуу семинар профессор Анварбек Мокеев, профессор Режаи Доган, профессор Алпаслан Ашыктын тема боюнча комментарийлери жана студенттердин суроолору жана жооптор менен аяктады.