2024-10-10


Тарых бөлүмүнүн магистранттарынын ийгилиги


Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими – 2024” Республикалык сынагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн магистратурасынын бүтүрүүчүсү Алдияр Ашырбеков жана тарых багытынын магистранты Курманбек Хайдаров  жеңишке жетишти.

Аталган сынак Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өттү. Бул конкурс алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо максатында уюштурулду. Сынактын республикалык этабына өлкөнүн жети дубанынан 17 предмет боюнча эң мыкты деп аталган 128 мугалим, 28 тарбиячы катышышты.

 Конкурска Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ЖОЖдон кийинки билим берүү институтунун тарых багытынын бүтүрүүчүсү, учурда Бишкек шаарындагы № 97 жалпы орто билим берүү мектебинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары эмгектенип жаткан Алдияр Ашырбеков катышты. Ал буга чейин бул конкурстун райондук жана шаардык турларынан 1-орунду багындырып, республикалык сынакка жолдомо алган эле. Алдияр Ашырбеков конкурстун финалынын 3-турунда да эң жогорку көрсөткүч көрсөткөндүгү үчүн министрликтин “КР билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, “Жылдын мыкты мугалими” төш белгиси, Ардак грамота жана  Дубайга жолдомо менен сыйланды. Ал эми конкурстун шаардык турунда 1-орунду багындырганы  үчүн Алдияр Ашырбековго Бишкек шаарынын мэри тарабынан 100 000 миң сом ыйгарылды.

Ушул эле конкурска университетибиздин ЖОЖдон кийинки билим берүү институтунун тарых багытынын магистранты, учурда Бишкек шаарындагы № 94 жалпы орто билим берүү мектебинин тарых мугалими болуп иштеп жаткан Курманбек Хайдаров катышты. Курманбек Хайдаров Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча 1- орунду алып, компьютер менен сыйланды. Ал конкурстун Бишкек шаары боюнча турунан 3-орунду ээлеп, алдыңкы мугалим катары шаардык деңгээлдеги “Жылдын мыкты тарых мугалими” номинациясына жана 60 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Алдияр Ашырбеков жана Курманбек Хайдаровду чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы иштеринде ийгиликтерди каалайбыз!