2024-10-18
2024-жылдын 17-октябрында тарых бөлүмү жана Кыргыз Республикасынын Борбордук Maмлeкeттик фотодокументтер архиви тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу областынын 100 жылдыгына арналган сүрѳт кѳргѳзмѳ жана семинар уюштурулду. Сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы проф. Ибрахим Чапак, КТМУ ректору проф. Алпаслан Жейлан, биринчи проректор проф. Алмаз Ибраев, проректорлор проф. Режаи Доган жана проф. Камалбек Карымшаков, гуманитардык факультеттин деканы проф. Алпаслан Ашык жана студенттер катышты. Көргөзмөгө Борбордук Азия республикаларынын улуттук аймактарынын делимитациясына байланыштуу тарыхый фотосүрөттөр жана карталар коюлду.
Семинарда проректор проф. Режаи Доган жана гуманитардык факультеттин деканы проф. Алпаслан Ашык ачылыш сөздөрүн сүйлөштү. Проф. Алпаслан Ашык кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы б.з.ч. кылымдардан бери келе жатканына жана мамлекеттүүлүктү сактап калуунун орчундуу экендигине токтолду. КТМУнун проректору проф. Режаи Доган мамлекет болуу үчүн тил, дин, материалдык жана руханий маданияттын маанилүүлүгүнө басым жасады. Проф. Режаи Доган глобалдашкан дүйнөдө эгемендүүлүктү жана мамлекеттик салтты коргоо жаштардын негизги милдети экенин белгиледи.
Ачылыш сөзүнөн кийин тарых бөлүмүнүн башчысы проф. Жээнбек Алымбаев «Түркстан автономиялуу элдеринин күрөшү» аттуу баяндамасында Түркстан элдеринин 1917-1924-жылдардагы эгемендик күрөшүн айтып берди. Кыргыз Республикасынын Борбордук Maмлeкeттик фотодокументтер архивинин директорунун орун басары Кызжыбек Атапова «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү» аталышындагы баяндамасында 1920-30-жылдардагы Кыргызстандын саясий, социалдык-экономикалык жана маданий тарыхына кайрылды. Тарых бөлүмүнүн окутуучусу, доц. м.а Роза Абдыкулова «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн фотодокументтерде чагылдырылышы» темадагы баяндамасында маанилүү сүрөттөр тууралуу маалымат берди. Семинар катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу жана көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн студенттеринин концерти менен аяктады.