2024-12-20


"Сөздөн доорго саякат" аттуу интелектуалдык оюн уюштурулду.


2024- жылдын 18-декабрында Орто Азия тарых клубу жана "Тилимпоз" социалдык бирикмеси менен биргеликте Бишкектеги жогорку окуу жайларындагы студенттер арасында "Сөздөн доорго саякат" аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.  Жалпысынан оюнга 17 тайпа катышты. Оюн көркөм окуу, кызыктуу талкуулар менен коштолду.  Иш-чаранын интеллектуалдык бөлүгүндө "Кош сокку: Этнография, Мен киммин?", "Заманачыл акындар", "Тарыхый логика", "Т тамгасы", "Тилимдеги", "Калька" категорияларында оюн уюштурулду. "Сөздөн доорго саякат " аттуу интеллектуалдык оюнда 1- орунду "Экиге эки" тайпасы, 2- орунду "Айдан келгендер" тайпасы, 3- орунду "Аябагандай " тайпасы жеңип алды. Оюн катышуучулардын купулуна толду жана алардын тарыхка жана тилге болгон кызыгуусун  арттырды.