2025-05-23
Үстүбүздөгү жылдын 22-май күнү француз тарыхчысы Др. Гзавье Аллез бөлүмүбүздө «Поль Пеллионун Орто Азиядагы илимий ишмердүүлүгү: француз менен кыргыздын өзгөчө жолугушуусу - Алай, 1906-ж.» аталышындагы семинар берди. Др. Гзавье Аллез Борбордук Азиядагы саясий жана социалдык өзгөрүүлөрдү изилдеген тарыхчы. Др. Гзавье Аллез 2024-ж. кыргыз жана орус тилдеринде басылган “Француз менен кыргыздын өзгөчө жолугушуусу Алай, 1906-ж.» аталышындагы китептин илимий редактору. Китепте Париждеги Гимет улуттук Азия искусствосунун музейинде сакталган белгилүү чыгыш таанучу Поль Пеллионун саякат жазуулары камтылган. Китепте мындан 100 жылдай мурда француз окумуштуусу Поль Пеллионун Курманжан Датканын баласы Асанбек менен жолугушуусу баяндалат.
Поль Пеллио 1906-1908-жж. Орто Азияга саякат жасаган француз илимий миссиясын жетектеген. Бул саякат учурунда экспедиция мүчөлөрү Алайда болушуп, Курманжан Датка жана анын балдары менен таанышышкан. Семинарда Гзавье Аллез француз илимий сапары жана анын Кыргызстанга саякаты, токтогон жерлери тууралуу кенен маалымат берди. Курманжан датканын балдары бул учурда экспедицияны колдоп, ар кандай жардам көрсөтүшкөн. Ошондой эле Др. Гзавье Аллез алайлык кыргыздардын турмушун жана маданиятын баяндаган уникалдуу тарыхый сүрөттөр менен бөлүштү. Семинар суроо-жооптор менен жыйынтыкталды.