2025-06-02


Ирандык окумуштуулар доц. доктор Фариба Мосапур Негари жана доц. доктор Мехди Муртазавинин семинарлары


2025-жылдын 30-майында тарых бөлүмүндө ирандык окумуштуулардын семинарлары болуп өттү. Иш-чарага КТМУнун ректору проф. доктор Алпаслан Жейлан, гуманитардык факультеттин деканы проф., доктор Алпаслан Ашык жана көптөгөн окутуучулар жана студенттер катышты. Семинарда ирандык окумуштуулар доц. доктор Фариба Мосапур Негари жана доц. доктор Мехди Мортазави тарых жана археология тармагындагы кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү.

Доц. доктор Фариба Мосапур Негари “Маданий карым-катнаштар: коло доорундагы Чыгыш Иран менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелер” аттуу баяндамасында Түштүк-Чыгыш Иран менен Борбордук Азиянын тарыхый жана маданий карым-катнаштарына токтолду. Маселен, Балх Мерв маданияты бир гана Орто Азия жана Иранда кездешкендигин, ошондой эле мүрзөлөр, коомдук имараттар, керамика, күзгү, мөөр ж.б.у.с. археологиялык казууларда табылган табылгалардын да орток экендигин белгиледи.

Доц. доктор Мехди Мортазави  “Робахак-Дезак Сараван археологиялык талаа долбоору: Ирандын Белужистанында селжук түрк карапачылыгынын далилдери” аталышындагы семинар берди. Доц. доктор Мехди Мортазави Ирандын түштүк-чыгышындагы Белужистан аймагындагы археологиялык изилдөөлөр жана анын жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Бул аймактагы селжук керамикасынын, мечиттеринин жана сыйынуучу жайларынын фотосүрөттөрүн бөлүшүп, айрыкча мыкты сапаттагы селжук керамикасынын башка эч жерде кездешпегенине көңүл бурду.

Доц. доктор Фариба Мосапур Негари жана доц. доктор Мехди Муртазави баяндамалында проф. доктор Алпаслан Жейланга илимий изилдөөлөрү, чакыруусу жана меймандостугу үчүн ыраазычылык айтышты жана келечекте Манас университети менен кызматташууну улантуу каалоосун билдиришти. Доц. доктор Мехди Муртазави гуманитардык факультеттин деканы проф., доктор Алпаслан Ашыкка ыраазычылык билдирип, КТМУнун музейинде окшош археологиялык табылгаларды көргөнүнө кубанычта экенин айтты. Семинардын аягында Ирандык окумуштууларга ыраазычылык баракчалары тапшырылды.