2025-06-19
Өзбекстандын Наманган мамлекеттик университети менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ортосундагы академиялык кызматташуу протоколунун алкагында 2025-жылдын 2-14-июнь күндөрү тарых бөлүмүнүн магистрант жана студенттери Наманган мамлекеттик университетине экинчи жолу барып келишти. Археологиялык казуу иштери орто кылымга таандык Ахсикент шарында жүргүзүлдү. Ошону менен бирге коло дооруна таандык Чуст шаарындагы казуулар менен таанышуу кызыктуу өттү. Эки күн Кыргыз-Түрк “Манас” университети мене байланыш түзүлгөн Фергана мамлекеттик университетинде болуп музейлер менен таанышууга арналды. Археология тармагында Наманган жана Фергана университети менен байланыш түзүү аркылуу Фергана жана Теӊир-Тоо археологиясын өнүктүрүү келечектүү болоруна магистранттар жана студенттер тереӊ ишенип кайтышты.